Аламүдүндө мыйзамсыз курулуштар аныкталып, 400 миң сом айып салынды

Укук тартиби 25 ноябрь 2025 14:34
589770863_1352773509655028_339734887668437800_n.jpg
588503809_1352773552988357_5515012128274010676_n.jpg
588518128_1352773516321694_9104229418170411656_n.jpg
589069350_1352773566321689_5501677198385256379_n.jpg
589101222_1352773546321691_593617332900973091_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Аламүдүндө мыйзамсыз курулуштар аныкталып, 400 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, инспекторлор Аламүдүн райондук прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде Кара-Жыгач айылындагы "Чопо-Таш" жана "Нурлион Бетон" ЖЧКлары тарабынан курулуп жаткан бетон түйүндөрүнө пландан тышкаркы текшерүү жүргүзгөн.

Анын жүрүшүндө аталган объектилерде талапка ылайык долбоордук-уруксат берүүчү документтердин жоктугу, ошондой эле компетенттүү органдар менен зарыл болгон макулдашуулары жок экендиги аныкталган

Натыйжада административдик чаралар көрүлүп, эки ЖЧКнын ар бирине 200 миң сомдон, жалпы 400 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан сырткары, аныкталган бетон түйүндөрдүн иши мыйзам бузуулар толугу менен жоюлганга чейин токтотулду.

Кошумчалай кетсек, аталган факты боюнча өз алдынча курулган объектилерди бузуу жөнүндө сотко доо арызы да берилди.