Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Аламүдүн районунда минералдык суу чыккан жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан "Тёплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплексин минералдык суу менен камсыз кылуучу 3,12 га жер тилкеси 1998-жылы мыйзамсыз "КС" ЖЧКсына өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 442,5 млн сомду түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.