Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көрүлгөн прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд 161 млн 526 миң 400 сомду түзгөн 10,72 га жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.