Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Аламүдүн районунда баасы 459 млн сомдон ашкан 32,6 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2011-жылы А. Сыдыков айыл аймагындагы 32,6 гектар жайыт жер тилкелери мыйзам талаптарын бузуу менен жайыт жерлер категориясынан башка категорияга которулуп, аукцион өткөрүлбөстөн жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 459 млн 84 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген 32,6 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды.