Аламүдүндө 1400 орундуу мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Аймак 25 Август 2025 16:00
539632153_1276752687257111_1817141685508983959_n.jpg
538407039_1276752643923782_7144093168710986731_n.jpg
538846464_1276752730590440_6451021482405205078_n.jpg
539441640_1276752767257103_5701648659815579545_n.jpg
539559323_1276752820590431_8729983216411269909_n.jpg
538072931_1276752570590456_397216525968143233_n.jpg
538205554_1276752787257101_7709171861361708183_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Аламүдүн районуна карашту Таш-Дөбө айылындагы мектеп 60 жылдан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү уюму толук жаңыртылып окуу жылдын башталышы менен пайдаланууга берилет.

Мектеп 1400 орунга ылайыкталып, окуучулар үчүн бардык шарттар каралды. Капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 173 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, мектептин биринчи корпусу 1964-жылы, ал эми экинчи корпусу 1984-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.