Аламүдүндө 1 400 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Коом 9 июль 2025 17:00
518237418_1239735797625467_2733323299263018141_n.jpg
516806540_1239735804292133_6165423519386332357_n.jpg
517027838_1239735950958785_8035281769814341713_n.jpg
518358665_1239735864292127_2890092568994925485_n.jpg
518382190_1239735850958795_5610408404550679201_n.jpg
518382888_1239735824292131_3861274156401591955_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы 1400 орундуу мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Күн мурун Турак жай жарандык курулуш департаментинин директору Ислан Момоконов
мектепте жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.

Белгилей кетсек, мектептин биринчи окуу корпусу 1964-жылы, экинчи корпусу 1984-жылы курулган. Жалпы 1400 орунга ылайыкталган билим берүү мекемесинде учурда 1200дөн ашуун окуучу билим алып келет.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, тендердик баасы 173,6 млн сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү, жыл аягына чейин мектепти толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.