Бишкек, 08.01.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн районунда активисттер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда айылдарды суу менен камсыздоо системалары боюнча зарыл болгон документтерди даярдоо иштерин тездетүү маселелери талкууланды. Анын негизги максаты заманбап суу менен камсыздоо системаларын киргизүү жана калкты сапаттуу, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу болуп саналат.
Министр документтерди өз убагында жана сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк региондорду өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти техникалык тапшырмаларды түзүүдө көмөк көрсөтөт.
Төрөбаев жергиликтүү айыл өкмөттөр тарабынан документтерди чогултуу процессин жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.