Аламүдүн районунда Достук айылдык милиция бөлүмчөсү ишке берилди

Аймак Загрузка... 11 Июль 2025 16:50
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Бүгүн Аламүдүн районунда Достук айылдык милиция бөлүмчөсү ишке берилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага облустук милициянын башчысы Каныбек Абдырахманов, Аламүдүн районунун акими Азамат Эргешов, Аламүдүн райондук милициясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Каныбек Абдырахманов жаңы салынган милициянын таяныч пункту Өлкө башчысынын жана Ички иштер министрлигинин талаптарын аткаруу максатында жасалып жаткандыгына токтолуп, жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү кызмат кыла аларын белгиледи.

Ошондой эле Абдырахманов жаңы салынган милициянын бөлүмчөсү айыл тургундары үчүн ишенимдүү кызмат кылышы керектигин белгилеп, кызматкерлерге өз ишинде так жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Ошондой эле аймактык тескөөчүлөргө кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу багытында тынымсыз иш алып баруу керектигине токтолуп, ар бир кайрылган жарындын маселесин кабыл алуу менен тез чара көрүүнү баса белгиледи.

Жаңы курулган милициянын бөлүмчөсү кызматкерлер үчүн толук шарттары менен түзүлгөн.