Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Бишкекте Аламүдүн дарыясынын боюндагы күркөлөрдү бузуу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Т. Айтматов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан 11 тез тамактануу жайы жеке менчик жер тилкесинде орнотулгандыгы мамлекеттик акт менен тастыкталган.
Айрым күркөлөр мыйзамсыз түрдө муниципалдык аймакка, тактап айтканда Аламүдүн дарыясынын жээгине чейин чыгып кеткен. Өз алдынча жүргүзүлгөн бул кеңейтүү 368 чарчы метрди ээлеген.
Мындан тышкары, курулуштар дарыяга урап түшүү коркунучун жаратууда.
Мыйзам бузуу фактысы боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренесине ылайык протокол түзүлүп, ээсине 30 миң сом айып салынды.
"Бузууну жоюп, мүмкүн болгон кооптуулуктун алдын алуу максатында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери башталды",-деп айтылат маалыматта.