Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Аламүдүн дарыясынын жээгин бекемдөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштерге ӨКМдин жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле 2 экскаватор жана 1 жүк ташуучу унаа тартылган.
Эске салсак, 2-августта нөшөрлүү жаандан кийин Аламүдүн дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Дордой-2 конушундагы аймактарга суу кирүү коркунучу жаралган. Учурда кырдаал көзөмөлдө болуп, алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.