Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин алкагында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштерин жүргүзүштү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Осмонкул көчөсүндөгү 150 метрлик капиталдык курулуш бузулууда. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын чечими менен жалпы аянты 300 чарчы метрден ашык болгон эки кафе (жайкы кафе) алынган.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы суммасы 730 000 сомдук 20 протокол түзүлдү.
"Бул чаралар дарыя агымын жөнгө салууга, суу ташкындарынын алдын алууга, коопсуз жана экологиялык таза шаар чөйрөсүн түзүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.