Алайкууда кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгы белгиленди

Маданият 22 Сентябрь 2025 11:22
550155466_122185586210368081_4870994188731194577_n.jpg
550456467_122185586222368081_385020599456510320_n.jpg
550820965_122185586276368081_2847303610235698632_n.jpg
552366629_122185586294368081_6779781489752504611_n.jpg
552480808_122185586252368081_7357905761919795265_n.jpg
549905180_122185586264368081_4525520002463220644_n.jpg
550089796_122185586318368081_1785323428562863079_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Кыргыз эл акыны, КР баатыры Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракеси акындын туулган жери — Алайкуу өрөөнүндө салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Бул туралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, илимпоздор, маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар жана айыл тургундары катышты.

Мааракеде улуу акындын чыгармачылыгы, улуттук адабияттагы орду жана элине калтырган мурасы кеңири чагылдырылды. Ошондой эле ат чабыш, кыз куумай, эр эңиш, көк бөрү, тогуз коргоол, күрөш сыяктуу улуттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.

Катышуучулар Сооронбай Жусуевдин өмүр жолу менен чыгармачылыгы жаш муундарды мекенчилдикке, адеп-ахлакка жана улуттук баалуулуктарды ыйык тутууга үндөөрүн белгилешти.