Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Алай районунун Согонду айылында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча долбоор ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Долбоордун алкагында тереңдиги 50 метр болгон суу алуучу скважина казылып, ар бири 50 куб метрди түзгөн эки резервуар жана хлоратордук имарат курулду. Ошондой эле узундугу 900 метрлик суу түтүгү тартылды.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, объект 2026-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берилди. Жаңы система айыл элин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздап, аймактын санитардык-эпидемиологиялык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт.