Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Алай районунун Сары-Могол айылында бала бакча жана муниципалдык жатакана курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облус башчысы Элчибек Жантаев жумушчу сапарынын алкагында социалдык курулуш объектилери менен таанышты.
Ал алгач республикалык бюджеттин каражаты менен курулуп жаткан эки кабаттуу, 140 орундуу жаңы бала бакчанын курулушун көрдү. Учурда имараттын үстү жабылып, терезелер орнотулуп, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жантаев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, иштин ыргагын тездетүүнү тапшырды.
Андан соң муниципалдык жатакананын курулуш иштери менен таанышты. Жалпы наркы 16 млн 500 миң сомду түзгөн бул объекттин 12 млн сому облустук өнүктүрүү фондунан каржыланган. Учурда курулуш иштери 80 пайызга жакын аяктаган.
20 орундуу жатакана жыл сайын аймакка агылып келген туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана жергиликтүү бюджетти толуктоо максатында курулууда.