Алайдын Аскалы айылындагы билим уясы жакында эшигин ачат

Аймак 24 Сентябрь 2025 16:12
alaj-24368d36ac043eda2.12589254.jpg
alaj13-068d36ac04393b0.81739927.jpg
Алдыга
Артка
alaj-24368d36ac043eda2.12589254.jpg
alaj13-068d36ac04393b0.81739927.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Ош облусунун Алай районуна караштуу Аскалы айылында наркы 42,6 миллион сомду түзгөн К.Белекбаев мектебинин курулушу бүткөрүлдү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, эки кабаттуу жаңы мектептин жалпы аянты 736 чарчы метрди түзүп, 100 орунга ылайыкталган. Жакынкы күндөрү билим уясы окуучуларга эшигин ачат.

Курулуш иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды.