Алайда ишкананын жери ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлдү

Аймак 31 Июль 2025 10:36
526137057_1251166110124539_858382344246144571_n.jpg
526509713_1251166106791206_7891421497621265038_n.jpg
526521395_1251166113457872_2590385528423175034_n.jpg
526864488_1251166203457863_8213390228574619334_n.jpg
Алдыга
Артка
526137057_1251166110124539_858382344246144571_n.jpg
526509713_1251166106791206_7891421497621265038_n.jpg
526521395_1251166113457872_2590385528423175034_n.jpg
526864488_1251166203457863_8213390228574619334_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Алай районунун Сопу-Коргон айыл башкармалыгынын алдындагы "Пилорама" ишканасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттин балансына мыйзамсыз менчиктештирилген муниципалдык объекттерди кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында "Пилорама" муниципалдык ишканасынын жалпы аянты 57 сотых болгон жер тилкеси менен административдик имаратын менчиктештирүүдө эреже бузуулар аныкталды.

Жогоруда белгиленген административдик имарат жана ага чектеш жер тилкеси мурда Сопу-Коргон айылдык башкармалыгынын муниципалитетинин балансында турганы аныкталган. Бирок, 2017-жылы Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарын жана ушул сыяктуу объекттерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларды бузуу менен "Пилорама" муниципалдык ишканасынын мүлкү жеке колго мыйзамсыз берилген.

Жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө административдик имарат жана анын жер участогу ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

Мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган объекттерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу иштери улантылууда.