Алайда европалык технология менен форель өстүрүлүүдө

Аймак Загрузка... 14 Май 2026 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Алай районунда "Алай Тейит" балык чарбасында европалык технология менен форель өстүрүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, күн мурун аталган балык чарбада Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан мониторинг жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө балык чарбасына форель балыгынын икралары Дания, Испания жана Турция мамлекеттеринен алынып келери аныкталды. Жылына 500 миң даана икра өндүрүлөт. Ал эми балыктын жеми Европа өлкөлөрүнөн жана Ирандан ташылып келет.

Учурда чарбада орточо салмагы 1 килограммдан 3 килограммга чейинки болжол менен 20 миң тонна форель балыгы өстүрүлүүдө. Өндүрүлгөн продукция ички рынокто, анын ичинде район аймагында жана коңшу райондордо сатылууда. Азырынча экспортко чыгарыла элек.

Ошондой эле Ветеринардык кызматтын ички реестрине киргизүү боюнча тиешелүү документтер такталып, жеке ишкердин күбөлүгү, жерге болгон мамлекеттик актысы жана башка документтери каралууда.