Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет

Аймак 24 август 2025 14:00
536285077_1070169611941461_2066637009814112417_n.jpg
536276447_1070169731941449_4272227589061726948_n.jpg
536273229_1070169661941456_7393624390488854028_n.jpg
536273201_1070169608608128_7828836562673641265_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 24.08.25. /Кабар/. Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Күн мурун, 23-августта министр Мирбек Мамбеталиев Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев менен бирге сентябрь айында Алай районунун А.Мамытов атындагы стадионунда салтанаттуу түрдө белгилене турган Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери, тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата даярдык көрүү боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүздү.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.