Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Алай районунун Согонду айылында таза суу түтүктөрү жаңыланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен "Капиталдык салымдар" беренеси аркылуу ишке ашырылууда.
"Азыркы учурда башкы суу алуучу жай толугу менен тосулуп, трансформатордук подстанция орнотулуп бүттү. Ошондой эле хлорлоочу жайдын курулушу уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, суу топтоочу кампада да курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.
Белгиленгендей, бул инфраструктуралык долбоор Суу ресурстары кызматынын "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылууда.