Алай-Куудагы сел: Тазалоо иштерине 80ден ашык адам тартылды

Кырсык 02 Июль 2026 10:40
735178614_122230536542313205_8721860230037809812_n.jpg
733974845_122230536452313205_8816514275837578097_n.jpg
734973599_122230536668313205_9066389880436277892_n.jpg
735393671_122230536500313205_2132963728537528832_n.jpg
735981453_122230536584313205_8254324968695797491_n.jpg
736739682_122230536410313205_6330099941108169379_n.jpg
737827275_122230536626313205_9208644843238454062_n.jpg
ап.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун Алай-Куу айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу жана тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан билдиришкендей, 1-июлда катуу жааган жамгырдан улам Терек жана Коо-Чаты айылдарында кокту-колоттордон түшкөн сел суулары турак үйлөрдүн ичине, короо-жайларына жана чарбалык курулуштарына кирген.

Ошондой эле Терек айылына баруучу унаа жолу убактылуу жабылып, ӨКМдин жана жол мекемелеринин ыкчам аракети менен бүгүн, 2-июлда саат 04:30да жол бир тараптуу ачылып, каттам калыбына келтирилди.

"Учурда башкармалыктын башчысы Эрланбек Мусаев жана жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан ыкчам штаб уюштурулуп, иштер координацияланууда. Кесепеттерди жоюуга 50 куткаруучу, жергиликтүү кызматтардан жана тургундардан 30 адам, ошондой эле жалпы 10го чукул атайын техника тартылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта аймакта сел калдыктарын тазалоо иштери улантылууда, кошумча маалымат берилет.