"Ала-Тоо Резорттун" туристтик объекттери электр жарыгы менен камсыздалууда

Аймак Загрузка... 15 Июль 2026 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл электр тармактар ишканасы "Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексинин курулуп жаткан объектилерин ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо иштерин улантууда.

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынан билдиришкендей, долбоордун алкагында 35/10 кВ "Үч чоку" көмөк чордонунун экинчи кезегинин курулушу аяктады.

Көмөк чордонго кубаттуулугу 10 МВА болгон күч трансформатору орнотулуп, натыйжада анын жалпы кубаттуулугу 12,5 МВАга жеткирилди. Мындан тышкары, өчүргүч, ашыкча чыңалуудан коргоочу түзүлүштөр жана сырткы орнотулуучу комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүш орнотулду.

"Ошондой эле электр тармактарын куруу иштери уланууда. Узундугу 3,5 чакырым болгон 0,4 кВ аба электр берүүчү линиясы өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зым менен курулуп, 130 темир-бетон мамыча орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Учурда курулуш аймагынан 35 кВ Пржевальск – Жыргалан аба чубалгысынын №249-258 тирөөчтөрүнүн аралыгын убактылуу көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул үчүн жаңы линия курулуп, болжол менен 70 тирөөч орнотулат. Буга чейин биринчи этап менен  №242–246 тирөөчтөрүнүн аралыгы убактылуу көчүрүлгон. Натыйжада курулуп жаткан мейманкана комплекстерин жана коттедж шаарчасын айланып өткөн убактылуу электр тармагы түзүлөт. 

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексин электр менен камсыздоо долбоору өткөн жылы башталган. Долбоордун биринчи этабында кубаттуулугу 2,5 МВА болгон 35/10 кВ "Үч чоку" көмөкчордону курулуп, комплекстин алгачкы объектилерин электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзүлгөн. Мындан тышкары, үч даана 1000 кВА жана бир даана 630 кВА кубаттуулуктагы трансформатордук көмөк чордондор орнотулуп, жалпы узундугу 12,8 чакырым болгон  кабелдик электр берүүчү чубалагысы тартылган.

Жүргүзүлүп жаткан иштер "Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексинин объектилерин ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздап, анын мындан аркы өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган.