“Ала-Тоо Резортто” 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

Коом 10 сентябрь 2025 16:10
515938464_1238093911122989_4825784588617834427_n--1--1.jpg
IMG_5613.jpg
IMG_5618.PNG
IMG_5614.jpg
Алдыга
Артка
515938464_1238093911122989_4825784588617834427_n--1--1.jpg
IMG_5613.jpg
IMG_5618.PNG
IMG_5614.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” курортуна тиешелүү негизги 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу баштады.

Ишканадан билдиришкендей, жалпы жонунан 156,6 сотых жерди ээлеген ири объектинин чек арасы “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы тарабынан 2025-жылдын 6-сентябрында такталып, казыктар кагылган.

Ага ылайык, жакын арада Ак-Суу районунун Жыргалаң чокусунун аймагына мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана модулдук үйлөрдүн курулушу башталат.

Кошумчалай кетсек, июль айында өткөн аукциондо коюлган 49 лоттун ичинен 14 лоттун жеңүүчүлөрү аныкталган. Анын баардыгын жергиликтүү инвесторлор түзгөн.

"Ушул тапта курорт жайгаша турган аймакта асма аркан жолдун курулушу да кызуу жүрүп, тирөөчтөрдүн пайдубалы толугу менен түптөлүп бүттү. Ошол эле учурда жол салуу жана таза суу менен камсыздоочу объектилерди куруу улантылып, саркынды суу тазалоочу курулмалар тургузулууда",-деп айтылат маалыматта.