"Ала-Тоо Резорт": Курорттук шаарчанын курулушуна даярдыктар башталды

Аймак 23 Май 2026 14:25
IMG_0677.jpeg
IMG_0678.jpeg
IMG_0679.jpeg
IMG_0680.jpeg
IMG_0681.jpeg
IMG_0682.jpeg
IMG_0683.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0677.jpeg
IMG_0678.jpeg
IMG_0679.jpeg
IMG_0680.jpeg
IMG_0681.jpeg
IMG_0682.jpeg
IMG_0683.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. "Ак-Булак" курорттук шаарчасынын курулушун баштоого карата даярдыктар көрүлө баштады. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.

Бул "Жыл бою иштей турган "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери" мамлекеттик долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Учурда "Ала-Тоо Резорт" ААКтын өкүлдөрү INPUT жана Doppelmayr австриялык компанияларынын адистери менен биргеликте келечектеги курорттук шаарчанын аймагында көчмө жумушчу кеңешмелерди өткөрүүдө.

"Аймакка комплекстүү баа берүү, мындан аркы долбоорлоо жана инфраструктураны өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, INPUT жана Doppelmayr компанияларынын эксперттери долбоордун жалпы мастер-планынын алкагында келечектеги "Ак-Булак" курорттук шаарчасынын концепциясын иштеп чыгып, даярдашат.