"Ала-Тоо Резорт": Жергиликтүүлөр жумуш менен камсыздалууда

Коом Загрузка... 07 Июль 2026 10:15
WhatsApp Image 2026-07-07 at 10.13.28 (1).jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Каракол жана Ак-Суу райондорунун тургундарынан жалпы 20 кызматкер "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластерине жумушка алынды. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, асма аркан жолдорду туура жана коопсуз иштетүү максатында жергиликтүү тургундарга атайын окутуулар уюштурулуп, бир айлык даярдык жүргүзүлгөн. Окутуунун жүрүшүндө эксплуатациялоо эрежелери, коопсуздук талаптары жана техникалык тейлөө тартиби кеңири түшүндүрүлгөн.

"Бир жылга жетпеген убакытта "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан, тиешелүү министрлик, мекемелердин кызматкерлеринин жардамы жана курулушту жүргүзүп жаткан компаниянын күчү менен 4 чакырымга жакын асма аркан жолду салып, ишке берүүгө жетиштик. Учурда жергиликтүү тургундардын арасынан окутулуп, дайындалган кызматкерлер асма аркан жолдорду үзгүлтүксүз техникалык сыноодон өткөрүп, жумасына үч жолу текшерип турушат. Жакында эле президент Садыр Жапаров эки асма аркан жолдун техникалык ачылышына катышты. Негизинен, объекттер бир ай мурда толук курулуп бүткөн. Алар буга чейин тиешелүү техникалык сыноолордон өткөрүлүп, жооптуу органдардын корутундулары алынгандан кийин эксплуатацияга берилген", - деди ал.

Белгиленгендей, техниканын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатуу максатында кыш мезгилине чейин асма аркан жолдор жумасына 1–2 жолу кошумча техникалык кароодон өткөрүлүп, иштетилип турат.

Эскерте кетсек, 2025-жылы 8-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластери мамлекеттик маанидеги долбоордун капсуласы салынган.

WhatsApp Image 2026-07-07 at 10.13.28.jpeg