“Ала-Тоо резорт” тоо-лыжа курортундагы жерлер аукционго коюлат - Жаркынбек Максүтов

Коом Загрузка... 19 Май 2025 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Жыргалаң, Ак-Булак, Боз-Учук тоолорун бириктирген “Ала-Тоо резорт” тоо-лыжа курорту пайда болот. Мында жылына 2 миллиондон ашык туристи кабыл алуу мерчемделүүдө. Борбор Азиядагы эң ири лыжа курорту боло турган “Ала-Тоо резорттун” инфратүзүмү толугу менен мамлекеттин эсебинен бүткөрүлөт. Жалпысынан курорттун трассасынын узундугу 250 чакырымды түзөт.

WhatsApp Image 2025-05-19 at 13.18.35 (1).jpeg

Саналуу күн мурун президент Садыр Жапаров билдиргендей, Жыргалаң тилкесиндеги биринчи асма жолдун курулушу 2026-жылдын июль айында бүтөт. 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында биринчи фазасы (Жыргалаң) аяктап, лыжа трассалары ишке берилет. Биринчи фазасын (Жыргалаңды) курууга жумшала турган каражат мамлекеттик казынадан бөлүндү.

WhatsApp Image 2025-05-19 at 13.18.36 (1).jpeg

2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүтөт да, үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт.

“Жакын арада отель, ресторан жана башка объектилер салына турган жерлерди аукционго коюп, менчикке сата баштайбыз. Андан түшкөн акча каражаттары экинчи жана үчүнчү (Ак-Булак жана Боз-Учук) фазаларын курууга жумшалат. Биринчи фазасын (Жыргалаңды) курууга жумшала турган каражатты мамлекеттик казынадан бөлүп бердик. Калган эки фазасы (Ак-Булак менен Боз-Учук) республикалык казынага оорчулук келтирбеш үчүн жерлерди сатуудан түшкөн каражаттарга курулат. Аукциондон жерди утуп алгандарга бир эле талап болот. Эки жылда куруп бүтүп, ишке киргизүүсү керек. Мамлекет тарабынан бардык уруксат документтери бүткөрүлүп берилет", - деп белгиледи өлкө башчысы.

WhatsApp Image 2025-05-19 at 13.18.35.jpeg

“Кабар” агенттигине "Кыргыз Куршевель" мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов маалымдагандай, учурда көз карандысыз баалоочу эксперттер Ысык-Көл облусунда сатыла турган жерлердин баасын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Алардын жыйынтыгы жума аягында белгилүү болот.

“Президенттин тапшырмасына ылайык, жерлерди сатуу боюнча аукционду июнь айынын биринчи декадасында өткөрүү пландалууда. Мамлекеттик портал аркылуу аукцион онлайн түрдө ачык-айкын өткөрүлөт”, - деди ал.

WhatsApp Image 2025-05-19 at 13.17.36.jpeg

Аукционго мамлекеттик компаниялар, чет өлкөлүк инвесторлор жана кыргыз резиденттери (юридикалык жана физикалык жактар) катыша алат. Белгиленген жерлерге мейманканалар жана ресторандар курулат.

Бул лыжа курорту бүтүп ишке кирсе, өлкөгө киреше алып келе турган ишканалардын катарын толуктайт деп айтылууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде курортту куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында Франциядагы “Куршевель” тоо-лыжа курортуна барып, тажрыйба алмашып келгендигин билдирген.

WhatsApp Image 2025-05-19 at 13.18.36.jpeg

“Франциядагы “Куршевель” тоо-лыжа курортун жеринен көрүп келгенден кийин биздин долбоордун кеминде 30-40%ын кайрадан карап чыгып, толуктоолорду киргиздик. Долбоордо курортту кышкысын эле эмес, жылдын төрт мезгилинде тең иштеткендей кылууну пландап жатабыз. Анткени курорт Ысык-Көлдө жайгашкандыктан, жайкысын да, кышкысын да туристтердин эс алуусу үчүн абдан ыңгайлуу десек болот”, - деген Орунтаев.