“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту: Жылына өлкө казынасына 146 млн евро салык түшөт

Экономика Загрузка... 10 Июль 2025 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларына салына турган “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азияда эң ири курорттордун катарын толуктап, төрт мезгил тең эс алуучуларды кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. Бул долбоор бир эле Ысык-Көл облусун гана эмес, Кыргызстандын кооз жаратылышын чет өлкөлөргө таанытууда чоң роль ойномокчу. Бул ирет биз “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту экономикага кандай пайда алып келерине токтолобуз.

WhatsApp Image 2025-07-10 at 17.14.25 (3).jpeg

“Ала-Тоо Резорт” комплексин куруу үчүн дээрлик 4 миң гектар жер “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Долбоорго ылайык, “Жыргалаң”, “Ак-Булак”, “Боз-Учук” курорттору курулат. Эң биринчи этапта “Жыргалаң” курортундагы иштерди 2026-жылдын кыш айларында аяктоо мерчемделип жатат. Учурда курортко бара турган жол салынууда. Буга чейин электр энергиясы жеткирилген. Жакында эле жалпы узундугу 4 чакырымга созулган асма аркан жолду курууга керектүү жабдыктар жана шаймандар жеткирилди. Эми австриялык компания мамылардын пайдубалын түптөө иштерин баштайт. "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтовдун айтымында, асма аркан жол курууга жабдыктар Австрия мамлекетиндеги атайын заводдон этап-этабы менен жеткирилип турат.

WhatsApp Image 2025-07-10 at 17.11.25.jpeg

58 гектарды ээлей турган Жыргалаң шаарчасындагы объекттерди куруу үчүн 15-июлдан 18-июлга чейин аукцион өтөт. Аукционго 6,5 гектар жер коюлган.

Ал эми Ак-Булак курорту 2027-жылы ишке берилсе, 2028-жылы Боз-Учук курорту бүткөрүлөт. Андан соң үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт. Жалпы “Ала-Тоо Резорт” трассасынын узундугу 250 чакырым болот.

4 мезгилде тең иштей турган эс алуу жайында кар жасоо технологиясынын жардамы менен лыжа тебүү мезгили 7 айга чейин узарары белгиленүүдө.

WhatsApp Image 2025-07-10 at 17.14.25.jpeg

Курорт жылына дүйнөнүн ар тарабынан келген 2 миллиондон ашык туристти кабыл алат деп болжолдонуп жатат. Маселен, Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн 2024-жылы план боюнча таза киреше 186,8 млн доллар деп белгиленген, бул иш жүзүндө 397,4 млн долларга жетти. Ошондуктан тоо-лыжа курорту бүтүп ишке кирсе “Кумтөрдүн” катарын толуктап, өлкөнүн кирешелүү ишканаларынын бири болот деп айтылууда.

WhatsApp Image 2025-07-10 at 17.15.22 (1).jpeg

“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов билдиргендей, мастер планга ылайык, “Ала-Тоо Резорт” долбоору ишке ашканда жылына өлкөгө 146 млн евро салык түшөт деп пландалууда.

WhatsApp Image 2025-07-10 at 17.14.25 (1).jpeg

Шаарчаларда 5-4-3 жылдыздуу конок үйлөр, коттедждер, глэмпингдер, спа-комплекс, этно шаарча, конференц-залдар, апартаменттер, стадион, окуу корпусу, ресторан, амфитеатр, медициналык борбор, оюн аянтчалары, ат менен сейилдөөчү жай, дүкөндөр жана башка эс алуу жайлары жайгашат. Долбоор ишке ашкандан кийин 5 миңдей жумушчу орун түзүлмөкчү. Мында айрыкча жергиликтүү тургундар иш менен камсыздалат. Деги эле Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өбөлгө түзүлөт.

WhatsApp Image 2025-07-10 at 17.14.25 (2).jpeg

Ошондуктан бул долбоорду ишке ашырууга өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын туризмин тармагындагы потенциялын пайдаланууга артыкчылык берүүдө. Анткени Кыргызстандай эле жаратылышы бар мамлекеттер эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп, жылына миллиондогон каражаттарды табууда.