“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа комплексине бара турган Каракол - Эңилчек жолу салынат

Аймак Загрузка... 26 Июнь 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-06-26 at 15.49.56.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа комплексине бара турган Каракол – Эңилчек унаа жолу салынат. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №11 Жол тейлөө ишканасынын директору Азиз Дыйканов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул унаа жолунун узундугу Каракол шаарынан Зындан айылына чейин 45 чакырымды түзөт. Жол төрт тилкелүү болуп салынат. Учурда долбоордук документтери даярдалууда.

“Каракол шаарынан Зындан айылына чейин 45 чакырымды түзгөн жол салынат. Андан ары 12 чакырымдык Совет – Башарын жолу бар. Бул жол Казакстандан туристтердин келүүсү үчүн ыңгайлуу. Азыр долбоору даярдалып жатат. Жумуштар 2026-жылы башталат деп пландалууда”, - дейт ал.

Ошондой эле Азиз Дыйканов белгилегендей, “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа комплексине бара турган 8,5 чакырымдык альтернативдүү жол болот. Ал жерде да жумуштар жүрүүдө. Асма жолду куруп жаткан Doppelmayr компаниясынын материалдарын жеткирүү үчүн бул жолдун жанына кошумча жол да салынууда.

Мындан тышкары, Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Жыргалаң айылына бара турган Боз-Учук – Жыргалаң жолунда жумуштар башталганын айтты. Долбоору параллелдүү жасалып жатат. Анда 14 чакырым жолдун 4-4,5 чакырымы 4 тилкелүү, калганы эки тилкелүү болуп кетет. Бүтүү мөөнөтү 2026-жылдын күз айларына мерчемделүүдө.

Жол салуу иштерине каражаттар республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнүүдө.