"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластерине баруучу жолдор реконструкцияланат

Аймак 15 август 2025 16:30
530319141_1069634942011918_5425098031902655637_n.jpg
533057555_1073006348341444_3069773287080249276_n.jpg
532325674_1073006358341443_8433004780702048049_n.jpg
Алдыга
Артка
530319141_1069634942011918_5425098031902655637_n.jpg
533057555_1073006348341444_3069773287080249276_n.jpg
532325674_1073006358341443_8433004780702048049_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев Жыргалаң тоо-лыжа базасына жана "Ала-Тоо Резорт" кластерине баруучу жолдордун курулуш иштеринин башталышына расмий старт берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган долбоордун алкагында Каракол – Эңилчек, Ак-Булуң – Токтогул, жана Каракол – Раздольный – Советский – Сырзавод жол тилкелери толук реконструкцияланат.

Белгилей кетсек, эскилиги жеткен эки тилкелүү Каракол – Эңилчек жана Ак-Булуң – Токтогул унаа жолдору 4 тилкелүү болуп, 2- категорияга кɵтɵрүлүп реконструкцияланат.

Ал эми Каракол – Раздольный – Советский – Сырзавод тилкеси учурда 4-категориядагы жол болсо, жаңылангандан кийин 3-категорияга көтөрүлөт.

Жол куруу иштери China Construction Eighth Engineering Division Co., Ltd. кытай компаниясы жана жергиликтүү "Бай Таш Строй" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлɵт.