Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунда жайгашкан жер тилкелерин сатуу боюнча аукцион жыйынтыкталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктен билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, аукциондун акыркы күнүндө 3 лот сатылды.
Жалпылап айтсак, 15-18-июль күндөрү өткөн электрондук соода аянтчасындагы аукционго 43 катышуучу катышты. 49 лоттун ичинен 14ү сатылды. Сатылган жерлердин жалпы аянты 21 миң 537 чарчы метрди түзүп, баасы 472 млн 589 миң 298 сом деп бааланды.
Инвесторлор уткан лотторго токтоло кетсек:
- Беш жылдыздуу мейманкана комплексин куруу үчүн - 5 жер тилкеси, аянттары 400 – 15 660 чарчы метрге чейин, баасы 7 - 337 млн 363 миң сом;
- Эки жылдыздуу мейманкана комплексин куруу үчүн – 1 жер тилкеси, аянты – 458 чарчы метр, баасы – 7 млн 863 миң 860 сом;
- ар бири 63 чарчы метрлик 23 даана модулдук үйдү куруу үчүн жер тилкеси: аянты – 1449 чарчы метр, баасы – 20 млн 781 миң 558 сом;
- VIP коттедждерди куруу үчүн - 7 жер тилкеси, ар бири 216 чарчы метрден, баасы 4 – 8,9 млн сомго чейин болду.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктен белгилешкендей, дагы кызыкдар инвесторлор бар экендигин эске алуу менен калган 35 лотту аукционго коюу маселеси каралышы мүмкүн.
“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук аймактын курулушунун биринчи этабын ишке ашыруу максатында “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунун төмөнкү бөлүгүндөгү жер тилкелери аукционго коюлган. Анда 3-4-5 жылдыздуу мейманканаларды, коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторан, кафе, SPA-комплекс жана башка коммерциялык объекттер салынат. Аукционго 6,5 гектарды түзгөн жер аянты коюлду. Курулуш объекттерин инвестор 2 жыл ичинде пайдаланууга бериши зарыл. Жер тилкелери боюнча кененирээк маалыматтар https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасынан көрүүгө болот. Аукциондон уткан чет элдик инвесторлорго жер тилкелери 49 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилет.
“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластери экономикалык өсүштү, инфраструктуралык өнүгүүнү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү, жеке капиталды жана технологиялардын келишин, өлкө бюджетине салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн камтыган мамлекеттик маанидеги ири долбоор. “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азияда эң ири курорттордун катарын толуктамакчы. Анда трассанын узундугу 250 чакырымга жетет. Жыл сайын эс алуу аймагына 2 млн турист келет деп айтылууда. 4600дөн ашык жумуш оруну түзүлөт.