"Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа кластери курулуп жаткан аймакта жерлер аукционго коюлат

Аймак Загрузка... 19 Июнь 2025 16:55
WhatsApp_Image_2025_X1J27xU.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа кластериндеги жер тилкелери ачык аукционго коюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик билдирди.

Аукционго жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн жер тилкелери коюлмакчы. Ал жерге атамекендик жана чет элдик инвесторлор 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканаларды, VIP-коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторандарды, кафелерди, SPA-комплексин жана башка коммерциялык объектилерди кура алышат.

Жер тилкелеринин баштапкы баасы 3 млн 67 миң 200 сомдон 336 млн 960 миң сомго чейин.

Ар бир жер тилкеси боюнча төмөнкүлөр бар:

  • укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтер;
  • бекитилген план;
  • өздөштүрүү шарттарынын тизмеси;
  • рыноктук наркка көз карандысыз баа берүү;
  • кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн жана милдеттенмелердин жоктугу жөнүндө маалым кат.