“Ала-Тоо Резорт” тоо кластери: Аукциондун үчүнчү күнүндө 3 лот сатылды

Экономика Загрузка... 17 Июль 2025 18:40
WhatsApp Image 2025-07-17 at 17.47.28.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин алкагында "Жыргалаң" курортун куруу боюнча аукцион өтүүдө. Аукциондун үчүнчү күнүндө 3 лот сатылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктен билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, аукциондо сатылган жер тилкелеринин баасы 3 млн сомдон 13,6 млн сомго чейин болду. Сатылган жерлердин жалпы аянты 1232 чарчы метрди түзүп, баасы 31 млн 600 миң 416 сом деп бааланды.

Инвесторлор уткан лотторго токтолсок:

- Беш жылдыздуу мейманкана комплексин куруу: жердин аянты – 800 чарчы метр, баасы – 13 млн 872 миң сом;

- VIP коттедждерди куруу үчүн жер тилкеси: 216 чарчы метр, баасы – 8 млн 802 миң 864 сом;

- VIP коттедждерди куруу үчүн жер тилкеси: 216 чарчы метр, баасы – 8 млн 925 миң 552 сом;

Белгилей кетсек, “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортундагы жер тилкелеринин аукциону эртең, 18-июлда да өтөт. 15-16-июлда өткөн аукциондо 8 лот сатылган.

“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук аймактын курулушунун биринчи этабын ишке ашыруу максатында “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунун төмөнкү бөлүгүндөгү жер тилкелери аукционго коюлган. Буга байланыштуу атамекендик жана чет элдик инвесторлордун ачык аукционго катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар жер тилкелерине 3-4-5 жылдыздуу мейманканаларды, коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторан, кафе, SPA-комплекс жана башка коммерциялык объекттерди салышы керек.

Аукционго 6,5 гектарды түзгөн жер аянты коюлууда. 49 лотто 216 чарчы метрден 15 660 чарчы метрге чейинки жер тилкелери бар. Алардын баасы 3 млн 067 миң 200 сомдон тартып 336 млн 960 миң сомго чейин болот. Курулуш объекттерин инвестор 2 жыл ичинде пайдаланууга бериши зарыл.

Жер тилкелери боюнча кененирээк маалыматтар https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында белгиленген.

Аукциондон уткан чет элдик инвесторлорго жер тилкелери 49 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилет.

“Ала-Тоо Резорт” тоо кластери экономикалык өсүштү, инфраструктуралык өнүгүүнү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү, жеке капиталды жана технологиялардын келишин, өлкө бюджетине салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн камтыган мамлекеттик маанидеги ири долбоор. “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азияда эң ири курорттордун катарын толуктамакчы. Анда трассанын узундугу 250 чакырымга жетет. Жыл сайын эс алуу аймагына 2 млн турист келет деп айтылууда. 4600дөн ашык жумуш оруну түзүлөт.