Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” ААК менен Kässbohrer Geländefahrzeug AG алты заманбап ратрак жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы техникалар лыжа трассаларын даярдоого, күнүмдүк тейлөөгө, ошондой эле кар катмарын сапаттуу сактоого колдонулат.
Kässbohrer компаниясынын PistenBully үлгүсүндөгү ратрактары дүйнөнүн алдыңкы тоо-лыжа курортторунда кеңири пайдаланылат. Алар татаал тоолуу шарттарда натыйжалуу иштөөсү менен айырмаланат.