Инвесторлорго жер тилкелери берилди. "Ала-Тоо Резорттун" курулушу башталат

Коом Загрузка... 08 Сентябрь 2025 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортун куруу иштерине даярдыктар башталды. Хан-Теңири айыл аймагында курорттун объектилеринин чек аралары такталып, жер тилкелерине атайын казыктар кагылды.

Иш-чарага президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев катышып, аукциондо жеңүүчү болгон инвесторлорго жер участокторунун кызыл китептерин тапшырды.

Жакынкы арада Ак-Суу районунун Жыргалаң чокусунун аймагында 5 жылдыздуу мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана модулдук үйлөрдүн курулушу башталат.

Белгилей кетсек, июль айында өткөн аукциондо сунушталган 49 лоттун ичинен 14 лоттун жеңүүчүлөрү аныкталган. Алардын бардыгы жергиликтүү инвесторлор.