"Ала-Тоо Резорт" комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштери кандай жүрүүдө?

Аймак 619 02 Март 2026 10:46
645775338_18094984637476120_6201636658553784504_n.jpg
645802996_18094984595476120_8298653664236881360_n.jpg
645775338_18094984640476120_8791281179948439459_n.jpg
Алдыга
Артка
645775338_18094984637476120_6201636658553784504_n.jpg
645802996_18094984595476120_8298653664236881360_n.jpg
645775338_18094984640476120_8791281179948439459_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жыргалаң аймагындагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштерин текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал 35/10 кВ "Үч чоку" жана 35/6 кВ "Жыргалаң" көмөк чордонун, аймактагы электр тармактарынын абалын көрдү.

Мындан тышкары, Ак-Суу РЭТине караштуу жаңы ачыла турган Жыргалаң электр тармактар бөлүмүнүн имаратын текшерип, ал бөлүмдүн штат бирдигин карап чыгуу боюнча тиешелүү жетекчиликке тапшырма берди. Ошондой эле Ак-Суу РЭТин кызматтык унаа менен камсыздоону убадалады.

Андан соң министр жаңы курулуп жаткан Жыргалаң ГЭСинин курулушу менен да таанышып, долбоордун жүрүшү боюнча маалымат алды.

Белгиленгендей, президент Садыр Жапаровдун энергетика тармагын өнүктүрүү жана таңкыстыктан чыгуу үчүн Энергетика министрлигине койгон тапшырмасына ылайык, жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн атайын техникалар, керектүү каражаттар менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

Ал долбоорлордун катарында 110 кВ "Пржевальск" көмөк чордонунан жаңы курула турган 110 кВ "Ала-Тоо резорт" көмөк чордонуна чейин узундугу 47 чакырым болгон аба чубалгынын курулушу пландалууда. Долбоорлоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү келишим түзүлгөн, учурда зым тиректердин чекиттерин тактоо жана макулдашуу иштери жүрүп жатат.