“Ала-Тоо Резорт” ишканасы инвесторлорго Жыргалаңдагы курорт курула турган жерди көрсөтөт

Коом 26 июнь 2025 20:57
WhatsApp Image 2025-06-26 at 17.59.53.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-26 at 15.52.48 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-26 at 17.59.53.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-26 at 15.52.48 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. 3-4-июль күндөрү бардык инвесторлор 4 мезгилде тең иштей турган Жыргалаң айылындагы “Ала-Тоо Резорт” курорту курула турган жерге чакырылат. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Борбор Азиядагы эң ири долбоорго катышууну каалаган инвесторлор Ак-Суу районундагы Жыргалаң өрөөнүндөгү сатылып жаткан жер тилкелерин, жаратылышы кооз, ажайып керемет жерден орун ала турган курорттук шаарча жайгаша турган жерди өз көзү менен көрүп кетет.

Анда атайын адистер долбоор менен кенен тааныштырышат.

Байланыш үчүн телефондор: 0558008070; 0554482676.