Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ишке ашырылып жаткан “Ала-Тоо Резорт” туристтик кластеринин курулушу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Министрликтин маалыматына ылайык, жыйындын алкагында мурда кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы жана долбоордун жүрүшү боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мамлекеттик маанидеги “Ала-Тоо Резорт” – жыл бою иштей турган тоо-лыжа туристтик кластери болуп саналат. Долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук аймактарында ишке ашырылып, эл аралык деңгээлдеги заманбап туристтик борбор түзүүгө багытталган.
Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү түзөт:
- жалпы аянты — 3 916 гектар;
- 2038-жылга карата тоо-лыжа трассаларынын узундугу — 250 чакырымга чейин;
- номердик фонд — 7 миңден ашуун;
- жылына 4 млнго чейин турист кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
- 7 миңден ашуун жаңы жумуш орду;
- алдын ала инвестиция көлөмү — болжол менен 1,2 млрд евро.
Долбоор 2038-жылга чейин этап-этабы менен ишке ашырылат.
Биринчи фаза Жыргалаң участогунда башталат. Министрлер кабинети асма жолдорун долбоорлоо, өндүрүү жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер — Doppelmayr Seilbahnen GmbH компаниясын аныктаган. Компания асма жол инфраструктурасын долбоорлоо, жеткирүү жана куруу иштерин жүргүзөт.
“Жыргалаң” туристтик шаарчасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча аукциондун биринчи этабы 2025-жылдын июль айында өтүп, анын жыйынтыгында 14төн ашуун объект сатылган. Экинчи этап 2026-жылдын февраль айына пландалып, анда 35тен ашуун объект аукционго коюлары күтүлүүдө.
Долбоордун алкагында тоо-лыжа, мейманкана, коммерциялык жана инженердик инфраструктура этап-этабы менен өнүктүрүлөт. Анын ичинде асма жолдорду, трассаларды, ар түрдүү категориядагы жайгашуу объекттерин жана көрктөндүрүү курулмаларын салуу каралган.
Жыйында ошондой эле инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары каралып, айрым иштер графиктен алдыда баратканы белгиленди. Каржылоону өздөштүрүү жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо маселелери талкууланды.
Медер Туманов мамлекет тарабынан негизги инженердик инфраструктура — унаа жолдору, электр, суу менен камсыздоо, канализация жана байланыш системалары — курулуп жатканын билдирди. Ошондой эле инвесторлорду “бирдиктүү терезе” принциби менен коштоо жана ачык-айкын жол-жоболорду камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
“Мамлекет үчүн долбоордун ачык-айкындыгы, өз убагында ишке ашырылышы жана инвестициянын натыйжалуулугу башкы орунда турат. “Ала-Тоо Резорт” — туризмди жана аймактык экономиканы өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык мамлекеттик долбоор”, — деди ал.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык кайра түзүлгөн “Ала-Тоо Резорт” ААКтын жалгыз акционери болуп Экономика жана коммерция министрлиги саналат. Министрлик долбоорду ишке ашырууну координациялоону жана көзөмөлдөөнү улантат.