"Ала-Тоо Резорт" долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 15:55
743658450_17891471676569466_2762785632243007779_n.jpg
742951635_17891471655569466_3754585519853693505_n.jpg
743673506_17891471685569466_6241797213446884409_n.jpg
743995743_17891471604569466_3782091542083863660_n.jpg
743995975_17891471754569466_8019984988654679034_n.jpg
744028190_17891471766569466_5865260760465285740_n.jpg
744537810_17891471727569466_2125364836788270204_n.jpg
744916561_17891471745569466_8904853780783933010_n.jpg
745282857_17891471775569466_3957286786970554682_n.jpg
745643805_17891471613569466_7670466629586828109_n.jpg
745830927_1501950711256757_6910604602513321809_n.jpg
746503052_17891471625569466_6023636875417552705_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Ала-Тоо Резорт" долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Жолугушууга "Ала-Тоо Резорт" ААКтын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү жана инвесторлор катышты.

Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди. Катышуучуларга суу, электр тармактарын тартуу, инженердик инфраструктураны даярдоо жана объектилерди долбоорлоо иштери тааныштырылды.

"Андан соң инвесторлор өз сунуштарын ортого салышты. Татарстандык инвестор Илназ Абдуллин курорттун архитектуралык көрүнүшү боюнча оюн бөлүштү. Lumicon – Lighting Design Studio компаниясынын директору Василий Тарасенко жарыктандыруунун башкы концепциясын сунуштады. Ал эми "Про Фокус Групп" компаниясынын өкүлү Нурай Бакасова чыгымдарды азайтуу жана сатып алууларды натыйжалуу уюштуруу боюнча баяндама жасады", - деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда суроо-жооп болуп, тараптар сунуштарды жана мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.