"Ала-Тоо Резорт" долбоору: Асма жолдун биринчи баскычы жактырылды

Коом 19 сентябрь 2025 14:47
whatsappimage20250919at1337591-71668cd16b4edfa11.63311139.jpg
whatsappimage20250919at134501-28268cd16b4ed1154.54205161.jpg
whatsappimage20250919at131715-5468cd16b4ed4999.29318075.jpg
whatsappimage20250919at134431-16768cd16b4eae135.02319699.jpg
whatsappimage20250919at1344311-29368cd16b4ef2a33.13153255.jpg
whatsappimage20250919at1345011-21768cd16b4f0e2f6.19217447.jpg
whatsappimage20250919at1345012-10168cd16b4f0bfb5.13138062.jpg
whatsappimage20250919at1345013-89668cd16b4edc5b3.18623653.jpg
whatsappimage20250919at1345021-15368cd16b4f09621.06278596.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстери долбоорунун алкагында курулуп жаткан асма жолдун биринчи баскычы жактырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Курулуш министрлигинде министрдин орун басары Бакай Турдугуловдун төрагалыгы алдында инновациялык долбоорлор боюнча техникалык кеңештин кезектеги 13-жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Ак-Суу районунда ишке ашырылып жаткан "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин курулушу боюнча маалымат угулуп, анын биринчи баскычы жактырылды. Аталган долбоор жыл бою иштөөгө ылайыкталган.

Аталган долбоор мамлекеттик маанидеги долбоорлордун катарына кирип, Борбор Азиядагы эң ири туристтик демилгелердин бири болуп эсептелет. Ал жыл боюнча иштөөгө ылайыкташмакчы.

Долбоордун алкагында эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүм: мейманкана комплекстери, асма жолдор, ресторандар, тик учак конуучу аянтча жана башка объекттер курулат.

Узундугу 3 947,61 метрди түзгөн асма жолун курууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Белгиленгендей, долбоордун биринчи баскычы ишке кирсе аймакта жаңы жумуш орундары түзүлүп, туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Муну менен региондун тоо туризм тармагындагы потенциалы артат. Асма жолдун долбоору жана курулушу европалык стандарттарга ылайык жүргүзүлүүдө.