"Ала-Тоо Резорт": Дагы төрт асма аркан жолдун курулушу башталды

Коом 413 06 Июль 2026 17:15
737561170_122176535048633318_6283052927225066894_n.jpg
739066568_122176534946633318_8546561023206352860_n.jpg
739893064_122176535072633318_1450434002023844722_n.jpg
740622161_122176535018633318_1057282963292357475_n.jpg
740698723_122176534976633318_3842196152227060750_n.jpg
740765214_122176534988633318_6630621014449870355_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Жыргалаңда "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды.

Ишканадан билдиришкендей, 2-июлда президент Садыр Жапаров жаңы асма аркан жолдорунун пайдубалын түптөө аземине катышты.

Белгиленгендей, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда.

Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун курулушу башталды:

  • А асма аркан жолу – 461 метр;
  • С асма аркан жолу – 758 метр;
  • Е асма аркан жолу – 2552 метр;
  • Х асма аркан жолу – 242 метр.

Белгилей кетсек, бул асма жолдордун курулуш иштери аяктагандан кийин биринчи этаптагы асма аркан жолдорунун жалпы узундугу 8 чакырымдан ашат.