"Ала-Тоо Резорт": Бозучук – Жыргалаң жолуна асфальт төшөлүүдө

Аймак Загрузка... 10 Июнь 2026 15:55
copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Жыргалаң аймагында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо-лыжа кластерин ишке ашыруунун алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү иштери кызуу жүрүүдө.

"Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришкендей, учурда негизги эки багытта иштер аткарылып жатат.

"Учурда жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн Бозучук – Жыргалаң унаа жолуна асфальт-бетон төшөө процесси активдүү жүрүүдө. Муну менен катар келечектеги Жыргалаң курорттук шаарчасына түз алып баруучу 8,5 чакырымдык жаңы унаа жолду долбоорлоо жана куруу иштери кошо аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.

Планга ылайык, бардык курулуш иштери ушул 2026-жылдын сентябрь айына чейин толук аяктап, жолдор пайдаланууга берилет. Жаңы инфраструктура аймакка туристтердин агымын көбөйтүүгө жана логистиканы жакшыртууга шарт түзөт.