“Ала-Тоо Резорт” Жыргалаңда мейманкана жана ресторан куруу үчүн жер тилкелерин аукционго койду

Аймак Загрузка... 30 Апрель 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 30.04.26. /Кабар/. Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан "Ала-Тоо Резорт" курорттук аймагын ишке ашыруунун алкагында жер участокторунун аукционунун үчүнчү, жыйынтыктоочу этабы башталды. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.

Аукционго "Жыргалаң" курортунун аймагында туристтик жана инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн арналган 19 лот коюлду. Бул участоктордо ар түрдүү категориядагы мейманканалар, апартаменттер жана ресторандар куруу каралган.

Аукционго катышуу шарттары тууралуу толук маалымат "Ала-Тоо Резорт" ААКтын расмий сайтында жана ачык маалымат булактарында жеткиликтүү.

Аукцион онлайн форматта Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин электрондук соода аянтчасында өткөрүлөт.

Катышууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор, курулуш компанияларынын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана бизнесиндеги ишкерлер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар чакырылат.

Мурунку эки этаптын жыйынтыгы боюнча аукционго коюлган 50 лоттун 31и ийгиликтүү сатылып, бул долбоорго инвесторлордун жогорку кызыгуусун жана суроо-талаптын жогору экенин көрсөтөт.

Белгиленгендей, "Ала-Тоо Резорт" долбоору Борбор Азиядагы ири туристтик долбоорлордун бири болуп саналат жана туризм тармагын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.