Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы Алтай Республикасындагы «Манжерок» курорту менен тажрыйба алмашат.
Мекемеден билдиришкендей, ишкананын директору Жаркынбек Максутов, «Манжерок» курортунун башкаруучусунун орун басары Валерий Ефремов менен видео аркылуу байланышып, октябрь айынын аягында Алтайга 10 адисти (ратракчы) окутуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Ага чейин “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы тажрыйба алмашууга жибериле турган ратракчыларды (лыжа трассаларын салуучу техниканы башкаруучу адис) алууга конкурс жарыялайт.
Биринчи этапта адистер техниканы башкаруунун теориялык багыттарын окуп келишсе, 2026-жылдын февраль айында боло турган экинчи этаптын алкагында техниканы башкарууну жана лыжа трассаларын салууну үйрөнүшөт.
Белгилей кетсек, “Ала-Тоо Резорт” курортуна асма аркан жолдун курулушунун бетон жумуштары октябрь айында толугу менен аяктайт. Сентябрь айынын башында болсо, Ак-Суу районунун Жыргалаң чокусунун аймагына 5 жылдыздуу мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана модулдук үйлөрдүн курулушун баштоо үчүн объектилердин чек аралары такталган.