“Ала-Тоо” басма үйү ачылып, “Кууш өтмөк” китеби жарык көрдү

Маданият Загрузка... 26 Март 2026 18:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Бишкек, 26.03.26 /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта “Ала-Тоо” басма үйүнүн ачылыш аземи жана “Кууш өтмөк” китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышты.

Анда аталган университеттин ректору Назира Эсеналиева сөз сүйлөп, өтүп жаткан иш-чаранын максаты, университеттин алдында жаңыдан ачылып жаткан “Ала-Тоо” басма үйүнүн аткара турган иштери, максаттары жана коомго тийгизе турган пайдасы тууралуу айтты.

"Бүгүн бизде тарыхый окуя белгиленип жатат. Бул күн биздин университет үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени "Ала-Тоо" эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата утурлай келген 5 маанилүү иш-чарабыздын бири бул басма үйүнүн ачылышы. Жеке эле биздин университетте эмес, бүткүл Кыргызстандын интеллектуалдык мейкиндигинде жаңы тарыхый окуя болуп жатат. Басма үйүнүн ачылышы менен биз университеттин студенттери, окутуучулары жана илимпоздору үчүн академиялык көпүрө түзө алабыз. Ал эми ошол көпүрө туруктуу, окурмандарыбыздын ой-чабыты, дүйнө таанымы кенен болушу үчүн дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрү кыргыз тилинде болушу керек.
Мына ошол максатты көздөп, "Ала-Тоо" басма үйү "Бугу" басма үйү менен биргеликте Дарон Ажемоглу жана Жеймс Робинсондун "Кууш өтмөк" китебин которуп чыкты. Бул Кыргызстандын интеллектуалдык мейкиндигин өнүктүрүүгө чоң салым кошот жана биздин университеттин глобалдык академиялык миссиясын дагы да бекемдейт деген ишеничтебиз. Өз кезегинде «Ала-Тоо» басма үйү дагы Oxford, Cambridge университеттеринен кем калышпай, Борбор Азиянын коомдук пикир жаратуучу мейкиндигине айланат деген толук ишенимибиз бар", — деди ректор.

Бул кеченин дагы бир урунттуу окуясы "Кууш өтмөк" китебинин бет ачары болду. Китеп кыргыз тилине которулуп, "Ала-Тоо" басма үйүнүн "Бугу" басмасы менен биргеликте чыгарган алгачкы эмгеги болуп саналат. Аны англис тилинен кыргызчага Айнуру Бөлөкбаева которгон. Китептин авторлору Нобель сыйлыгынын лауреаттары Жеймс Робинсон жана Дарон Ажемоглу. Жеймс Алан Робинсон британиялык экономист жана саясий багыттагы таанымал окумуштуу, профессор. Ал эми экинчи автор Дарон Ажемоглу Стамбулда төрөлүп өскөн белгилүү окумуштуу, философия илимдеринин доктору.

Университеттин Ж. Каниметов атындагы илимий китепканасынын жана «Ала-Тоо» басма үйүнүн директору Жаныбек Абидетегин китеп тууралуу буларга токтолду:

"Колуңуздагы The Narrow Corridor — дал ушул суроолорго жооп издеген эмгек. Авторлор эркиндикти «кууш өтмөк» метафорасы аркылуу түшүндүрүшөт. Эркиндик кең талаада жаткан нерсе эмес. Ал мамлекет менен коомдун ортосундагы олку-солку тең салмакта жаралат. Мамлекет өтө алсыз болсо тартип жок, мыйзам иштебейт, коопсуздук камсыздалбайт. Мамлекет өтө күчтүү болсо коом басылат, жаран үнүн жоготот, зомбулук мыйзамга айланат. Чыныгы эркиндик күчтүү мамлекет менен уюшкан, аң-сезимдүү коом бири-бирин тизгиндеп, ошол эле учурда бири-бирин бекемдеп турганда гана жашап кетиши мүмкүн", — деген пикирин билдирди.