Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын төрт кол өнөрчүсү Корея Республикасында үч айлык резидентура программасына катышып, тажрыйба алмашуу курсун ийгиликтүү аяктады.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, программа Кыргызстан менен Кореянын 2023-2026-жылдарга карата маданий туризмди өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорунун алкагында уюштурулган.
Катышуучулар Чхонджу жана башка шаарларда мастер-класстарга, семинарларга жана окуу иш-чараларына катышып, салттуу жана заманбап кол өнөрчүлүктүн жаңы ыкмаларын үйрөнүштү. Ошондой эле музейлерге, кол өнөрчүлүк борборлоруна жана маданий мекемелерге барып, тажрыйба алмашышты.
Резидентуранын жыйынтыгында ар бир кол өнөрчү программа учурунда алган билимин колдонуп даярдаган автордук эмгегин сунуштады. Иштерде кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүк мурасын заманбап чыгармачылык ыкмалар менен айкалыштырууга басым жасалды.