“Кыргызфильм” анимациялык фильмдерге конкурс жарыялады

Маданият 2 октябрь 2026 13:50
“Кыргызфильм” анимациялык фильмдерге конкурс жарыялады

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Т. Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы 2027-жылдын Тематикалык планына киргизүү үчүн 0–12 жаштагы балдарга арналган анимациялык фильмдердин долбоорлоруна конкурс жарыялады.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, конкурс мамлекеттик тилдеги сапаттуу балдар контентин көбөйтүү, кыргыз тилин өнүктүрүү, балдардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өстүрүү, улуттук маданиятты жана баалуулуктарды заманбап анимация аркылуу жеткирүү максатында өткөрүлөт.

Конкурска 2D, 3D форматындагы жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган анимациялык долбоорлор кабыл алынат. Долбоорлор 0–3, 4–6, 7–9 жана 10–12 жаштагы балдар аудиториясынын бирине багытталууга тийиш.

Конкурска катышуу үчүн долбоордун аталышы, логлайн, синопсис, сценарий, визуалдык концепт, негизги каармандардын сүрөттөлүшү, жанры, максаттуу аудиториясы, форматы жана болжолдуу хронометражы, сериялык долбоор болсо сериялардын саны жана кыскача мазмуну, пилоттук үзүндү, ошондой эле автор же чыгармачыл топ тууралуу маалымат тапшырылат.

Долбоорлордо балдардын психологиялык коопсуздугу эске алынууга тийиш. Зомбулук, коркутуу, агрессия, кемсинтүү, кооптуу аракеттерди кайталоого үндөгөн көрүнүштөргө жана коммерциялык жарнамага жол берилбейт.

Долбоорлор 2026-жылдын 2-октябрынан 15-декабрына чейин кабыл алынат. Материалдар kyrgyzfilmredakcia@gmail.com электрондук дарегине жана кагаз түрүндө 2 нускада Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын редакциясына тапшырылат.

Дареги: Бишкек шаары, Жумабек көчөсү, 290.
Байланыш телефону: +996 705 496 749.