Кыргыз киносунда жаңы доор башталды

Маданият
Кыргыз киносунда жаңы доор башталды
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргыз киносунда долбоорлорду каржылоо тартиби өзгөрүп, тасма жана сериалдарды тандоо эки баскычтуу система аркылуу жүргүзүлө баштады. Жаңы тартиптин негизги максаты — долбоорлорду тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, сапаттуу сценарийлерге артыкчылык берүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу. Бул жана башка маселелер тууралуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков “Кабар” агенттигине айтып берди.

Директордун маалыматына караганда, буга чейин “Кыргызфильм”, “Кыргызсериал” жана Кинематография департаменти долбоорлорду өз-өзүнчө карап, каржылоо маселесин өз алдынча чечип келген. Мындай тартип айрым учурда иштин жүрүшүндө кечигүүлөргө жана түшүнбөстүктөргө алып келген.

Жаңы система боюнча эми бардык долбоорлор бирдиктүү тартипте каралууда. Алгач сценарий “Кыргызфильмдин” редакциялык кароосунан өтүп, андан соң департаменттин 12 адамдан турган эксперттик комиссиясына сунушталат. Мындай ыкма долбоорлорду тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылып, сапатсыз сценарийлердин каржылануусуна жол бербөөгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Жаңы тартип киргизилгенден кийин кино өндүрүшүнүн көлөмү да өскөн. Мурда жылына 2-3 толук метраждуу тасма тартылса, быйыл бир жыл ичинде 14 толук метраждуу тасманы тартууга старт берилген.

Ошондой эле “Кыргызфильм” мурда негизинен автордук жана фестивалдык тасмаларды тартууга басым жасап келсе, быйыл коммерциялык багыттагы долбоорлорду да ишке ашыра баштады. Бул мамлекеттик киностудиянын коммерциялык рынокко чыгып, өз продукциясын жаратуусуна шарт түзүүдө.

Сериалдарда социалдык темаларга басым жасалат

Жаңы каржылоо тартиби “Кыргызсериал” мекемесинде да колдонула баштады. Эми сериалдардын сценарийлери жана долбоорлору департаменттин эксперттик комиссиясында каралып, тандалып алынат.

Быйыл бир катар социалдык маанидеги сериалдарды тартууга старт берилген. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100 жылдыгына арналган куткаруучулар тууралуу “Куткаруучу” долбоору, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жана кибералдамчылык маселесин чагылдырган “Капкан” сериалы бар. Ошондой эле мектеп окуучулары жана армия темасындагы долбоорлор ишке ашырылууда.

Төлөбеков жеке сектордун “Кыргызсериалга” болгон ишеними артып жатканын белгиледи. Анын айтымында, эми жакшы долбоорлор тааныш-билишсиз жана кошумча төлөмдөрсүз каржыланууга мүмкүнчүлүк алууда.

Тарыхый тасмалар жана жаш режиссёрлорду колдоо

Төлөбековдун айтымында, департамент тарыхый инсандар тууралуу тасмаларды жаратууга да өзгөчө көңүл бурууда. Учурда Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына байланышкан тасма жарыкка чыкты.

Мындан тышкары, Айтматовдун 100 жылдыгына карата жаш режиссёрлор арасында сценарий жазуу жана режиссёрлук багытта сынак уюштуруу пландалууда. Бул демилгенин алкагында жаш 10 режиссёр тандалып, алар жазуучунун чыгармаларынын негизинде кыска метраждуу тасмалардын сценарийлерин даярдап жатышат.

Долбоорду колдоо үчүн быйыл эки миллион сом бөлүнүп, атайын чыгармачылык лаборатория ачылган. Жыл аягына чейин кыска метраждуу 10 тасма тартуу пландалууда. Бул демилгени жыл сайын улантып, Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген жаш режиссёрлорду колдоо каралган.

Ошондой эле быйыл Жусуп Абдрахманов тууралуу тасма тартылып, анын кийинки бөлүктөрүн улантуу маселеси каралууда. Келечекте Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев жана башка тарыхый инсандар тууралуу да тасмаларды жаратуу пландалууда. Мындай долбоорлор жаш муундун өлкөнүн тарыхы жана мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошкон инсандар тууралуу маалыматын кеңейтүүгө багытталган.

Кино тармагына 928 миллион сом бөлүнгөн

Талантбек Төлөбеков акыркы жылдары кино тармагын каржылоо көлөмү кыйла көбөйгөнүн билдирди. Анын маалыматына караганда, мындан алты-жети жыл мурда жалпы кыргыз киносун тартууга жылына 45 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнчү. Бул каражат “Кыргызфильмге”, кинематография боюнча республикалык жана облустук мекемелерге, ошондой эле департаменттин ишине жумшалчу.

Ал эми 2025-жылы кинематография тармагына 928 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Анын ичинен “Кыргызфильмдин” өндүрүшүнө жана техникалык базасын жаңылоого болжол менен 500 млн сом, “Кыргызсериалга” 250 млн сом каралган. Мындан тышкары, кинону жайылтуу жана кинопрокат багытына, Кино үйүнө, облустук жана райондук кинодирекцияларга, ошондой эле Кинематография департаментине өзүнчө каражат бөлүнгөн.

Быйыл 9 айда “Кыргызсериал” прокаттан 20 миллион сом киреше тапкан. “Кыргызфильмде” да өз продукциясын коммерциялаштыруу багытында иштер жүрүп жатат.

Анимация жана дубляж тармагына көңүл бурулууда

Мындан тышкары, департамент балдар үчүн сапаттуу контент жаратуу жана анимация тармагын өнүктүрүү багытында иштерди жүргүзүүдө.

Быйыл “Үмүт” аттуу даректүү тасмалар фестивалы уюштурулуп, жаштар үчүн комикс фестивалы өткөрүлгөн. “Кыргызфильмдин” базасында 6-7 анимациялык долбоорду ишке ашыруу башталган.

Төлөбековдун айтымында, Кыргызстанда анимациялык тасмаларды башка тилдерден кыргызчага дубляждай алган адистер аз. Бул маселени чечүү үчүн июнь айында республикалык долбоор башталып, өлкөнүн бир катар аймактарында балдарга дубляж боюнча мастер-класстар өткөрүлгөн.

Долбоордун алкагында алты жаштан 15 жашка чейинки 50гө жакын бала окутулууда. Алардын экөө жакында Улуттук телерадиоберүү корпорациясына жумушка орношуп, анимациялык мультфильмдерди үн менен коштоого катыша баштаган.

Департамент балдардын дубляжга жана анимацияга кызыгуусун арттыруу менен катар бул багытта жаңы адистерди даярдоону көздөп жатат.

Ошондой эле чет өлкөлүк кинокомпаниялардын Кыргызстанда тасма, сериал жана клип тартуусуна шарт түзүү максатында Кинокомиссия түзүү иштери жүрүп жатат.

Жаңы форматтагы сериалдар даярдалууда

Департаменттин директору келерки жылдан тартып смартфондор аркылуу көрүүгө ылайыкташкан вертикалдуу сериалдарды чыгаруу да пландалып жатканын билдирди. Бул багыттагы жобо быйыл иштелип чыгып, бекитилген.

Анын айтымында, мындай формат жаштарга жана балдарга пайдалуу, тарбиялык мааниси бар маалыматтарды жеткирүүнүн жаңы жолу болушу мүмкүн. Учурда жаштардын телефон аркылуу сериал көрүүгө болгон кызыгуусу артып жаткандыктан, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, аларга маанилүү темаларды жана тарыхый каармандарды таанытуу көздөлүүдө.

Мындан тышкары, келерки жылы айыл чарба, кол өнөрчүлүк жана тарыхый мурастар тууралуу сериалдарды жаратуу боюнча бир катар багыттарды бекитүү пландалууда.