Голливуд жылдызы Дон Уилсон Кыргызстанда тасма тартууга даяр

Коом 8 сентябрь 2026 17:10
Голливуд жылдызы Дон Уилсон Кыргызстанда тасма тартууга даяр
copyright icon Кабар

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Белгилүү америкалык актёр, продюсер жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон "Дракон" Уилсон "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөн алган таасирлери менен бөлүшүп, Кыргызстанда кино долбоорун ишке ашырууну каалай турганын билдирди.

Актёр Кыргызстанга мындан ондогон жылдар мурун келген алгачкы сапарын эскерип, өлкөдө болуу тажрыйбасы бул жолку сапарында кыйла кеңейгенин белгиледи.

"Мен Кыргызстанга биринчи жолу 1990-жылдары кикбоксинг боюнча мелдешти колдоо үчүн келген элем. Ал сапар толугу менен өзүмө көнүмүш болгон чөйрөдө өттү, анткени өзүм да спортчумун жана мелдештерден башка көп нерсени көрүүгө жетишкен эмесмин. Бул жолку сапарымда мен таптакыр жаңы дүйнө менен тааныштым. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат үстүндөгү укмуштуудай өнөрлөрдү көрдүм, бул жөн гана керемет болду", – деди Дон Уилсон.

Мындан тышкары, белгилүү актёр актёрлук менен гана эмес, тасма продюсерлиги менен да активдүү алектенерин эске салды.

"Баары эле мен продюсер катары да иштей турганымды биле бербейт. Бул жерде көргөндөрүмдү жана өлкөнүн өзгөчө колоритин эске алуу менен Кыргызстанда тасма тартууга даярмын", – деп белгиледи ал.