Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эссе-конкурс жарыяланды

Маданият 6 октябрь 2026 12:45
Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эссе-конкурс жарыяланды

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Кыргызстандын 15 жаштан 35 жашка чейинки жарандарынын арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эссе-конкурс өтөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакты министрликке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду уюштурууда.

Катышуучулар эссени төмөнкү темалардын бири боюнча жазышы керек:

  • “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы гуманизмдин философиясы”;
  • “Айтматовду окуганымда...”;
  • “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы илим жана техника”;
  • “Жазуучунун чыгармачылыгындагы экологиялык көйгөйлөрдүн актуалдуулугу”;
  • “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образы”.

Конкурска катышуу үчүн өтүнмө жана көлөмү төрт беттен ашпаган эссе тапшырылат.

Өтүнмөлөр 9-сентябрдан 23-октябрга чейин кабыл алынат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.