Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги жаш окумуштуулар жана жаңычылдар арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Конкурс жаңы билимдерди, технологияларды жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган илимий-изилдөө иштерине жаштарды тартуу максатында өткөрүлөт.
Ага 35 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары, анын ичинде жаш изилдөөчүлөр, окумуштуулар, стартаперлер жана жаңычылдар илимий даражасына карабастан катыша алышат.
Конкурс төмөнкү төрт номинация боюнча өткөрүлөт:
“Илимий изилдөөлөрдүн негизиндеги мыкты стартап”;
"Туруктуу өнүктүрүү жана “жашыл” технологиялар чөйрөсүндөгү мыкты чечим”;
“Жылдын мыкты илимий макаласы”;
“Жылдын мыкты жаш окумуштуусу”.
Өтүнмөлөр 27-октябрга чейин кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат. Катышуучулар тиешелүү документтерди doc/docx форматында v.asangazieva@ilim.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүшү керек.