Көчмөндөр оюндары: Кыргыз-казак айтышынын финалына 8 акын тандалды

Маданият 68 10 Август 2026 18:00
118973297_3269065166544082_5527186975651382996_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын тандоо туру өтүп, финалга 8 акын жолдомо алды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, тандоо турунда акындар чүчүкулак аркылуу аныкталган жуптарда алым сабак айтышты. Алардын өнөрү сөз байлыгы, чечендиги, тапкычтыгы, ойдун курчтугу, ырдын көркөмдүгү, комуз чертүү чеберчилиги жана сахна маданияты боюнча бааланды.

Финалга Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Чыңгызхан Кожошев, Жылдызбек Төрөканов, Кубат Тукешов, Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев жана Элмирбек Иманалиев өттү.

Айтыштын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт.

Иш-чара кыргыз жана казак элдеринин достугун, маданий кызматташтыгын чыңдоого жана төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүүгө багытталган.